Бишкекте салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ПМ Бишкека
Работа сотрудников ПМ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясы бардык айдоочуларга салык төлөгөндүгү тууралуу документтерди ала жүрүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте төртүнчү группадагы мүлккө (унааларга) салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүп жаткандыгы тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, рейд учурунда салык төлөнгөндүгүн тастыктаган жабыштыргычтар менен квитанциялар текшерилет.

"Унааларга салык төлөө мөөнөтү аяктап калганына байланыштуу текшерүү иштери мэрия, салык кызматы жана Кайгуул милициясы тарабынан жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык айдоочуларга салык төлөгөндүгү тууралуу документтерди ала жүрүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0