Бишкекте жолдорду оңдоо уланып жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Омске
Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ремонт иштери Кытай өкмөтү менен кол коюлган келишимдин алкагында жүрүүдө.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери уланып, жаңы көпүрөлөр салына баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жаңы конуштардын 49 көчөсүн оңдоо боюнча келишим түзүлдү
Ремонт иштери учурда Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүрүп жатса, Чоң Чүй каналында жана Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Аламүдүн дарыясындагы көпүрөлөр куруулуда. Көпүрөлөр кийинки жылы бүтүп калат.

Аталган ремонт иштери Кытай өкмөтү менен кол коюлган келишимдин алкагында жүрүүдө. Келишимде жаңы конуштарды кошкондо шаар ичиндеги 49 көчө оңдолуп, алты көпүрөнүн курулушу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0