Бишкекте коомдук ажатканалар иштей баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекМуниципальные общественные туалеты в Бишкеке
Муниципальные общественные туалеты в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдан тарта борбордун бир катар жерлерине да ажатканалар курула баштайт. Аларды кайсыл жерлерге куруу керектигин атайын комиссия аныктаган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жаштар аллеясында жана Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабында коомдук ажаткана курулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда бул ажатканалар "Зеленстрой" ишканасына өткөрүлүп, толугу менен ишке киргизилди. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарында жаштар аллеясында жана Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабындагы коомдук ажаткана
Муниципальные общественные туалеты в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында жаштар аллеясында жана Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабындагы коомдук ажаткана

Мындан сырткары 2017-жылдан тарта борбордун бир катар жерлерине да ажатканалар курула баштайт. Аларды кайсыл жерлерге куруу керектигин атайын комиссия аныктаган. 

  • Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиде;
  • Горький атындагы сейил багы;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы;
  • Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Ала-Арча – Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Рыскулов – Коенкозов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы;
  • Бишкектин 125 жылдыгына арналган маданият жана эс алуу паркынын аймагы;
  • Ата Түрк паркынын айланасы, Шакиров көчөсү;
  • Жантөшев көчөсү;
  • Рыскулов – Жаш Гвардия бульвары;
  • Айни – Дагенстан көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Москва – Жаш Гвардия бульвары;
  • Фучик паркы;
  • Чүй проспектиси – Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Абдырахманов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши.

Салына турчу коомдук ажатканалар бардык санитардык талаптарга жооп берип, шаардык бюджеттен каржыланмакчы.

Бишкекте курула турган 18 ажаткананын картасын Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0