Майлуу-Суу шаарындагы жакыр үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБеженцы из Славянска в общежитии Иловайска
Беженцы из Славянска в общежитии Иловайска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардамга муктаж, жашоо турмушу оор делген беш үй-бүлөгө беш миң сомдон акчалай жардам берилген.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Майлуу-Суу шаардык өкүлчүлүгү тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө акчалай жардамдар берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жардамга муктаж, жашоо турмушу оор делген беш үй-бүлөгө беш миң сомдон акчалай жардам берилген. 

Жардам алган тургундар райондук хатибиятка ыраазычылык билдирип, мындай кайрымдуулуктар оорчулукта жөлөк болорун баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0