Жалал-Абаддагы жүрөк-кан тамыр илимий борборун дарыгерлер өздөрү оңдоого белсенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБолезни сердечно-сосудистой системы
Болезни сердечно-сосудистой системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик тарабынан бөлүнүн берилген каражат жетишсиз болгондуктан борбор кызматкерлери марафон өткөрүп, имаратты оңдоп-түзөөгө белсенип турушат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр оорулар хирургия илимий борбору имараттын эскилигинен учурда иштебей турат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Калдарбек Абдыраманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, борбордун ачылганына беш жыл болуп, жүрөк ооруларынын дартын аныктоочу система да алып келинген. Бирок мекеме имаратынын эскилигинен дарыгерлер бейтаптарды тейлей албай келет.

"Учурда жүрөк оорулары менен ооруп, операцияга муктаж болгон 5000ден 7000ге чейин адам кезек күтүп турат. Мындан улам түштүк аймакты камтыган бул илимий борбордун имаратын тезинен оңдоп-түзөөнү ойлоп жатабыз ", — деди Абдыраманов.

Жетекчи аталган имарат эки жыл мурун мамлекет тарабынан улутташтырылганын белгиледи. Анын айтымында, имараттын 1-кабатын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, толук шарт түзүү үчүн 104 миллионго чукул акча каражаты керектелет. 

"Буга чейин тийиштүү министрлик акча бөлүп берген, бирок ал жетпей калган. Мындан улам дарыгерлер өздөрү демилге көтөрүп, марафон уюштуруп жатат. Өтүүчү марафонго облустук медиктердин бир күндүк маянасы которулуп, учурда бир милион үч жүз мин сом топтолуп калды", — деди Абдыраманов.

Дарыгер марафон 11-ноябрга белгиленгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0