Мамкаттоо БШКга шайлоочулардын так санын берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочулар. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир шайлоочу өзүн shailoo.srs.kg. сайтындагы тизмеден текшерип алса болот. Бул сайтка жергиликтүү кеңеш менен референдум шайлоосуна катыша турган жарандардын аты-жөнү жазылган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосуна карата 2 миллион 813 миң 255 жарандын тизмесин бергенин маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын саны 2365 болсо, жергиликтүү кеңеште 1900 болду. 

"Өткөн парламенттик шайлоодо биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын саны 2 миллион 761 миң 297ни түзгөн. Алардын ичинен шайлоого 1 миллион 589 миң 479 адам катышкан", — деп айтылат маалыматта. 

Ар бир шайлоочу өзүн shailoo.srs.kg. сайтындагы тизмеден текшерип алса болот. Бул сайтка жергиликтүү кеңеш менен референдум шайлоосуна катыша турган жарандардын аты-жөнү жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0