Кыргызстандагы өзбектер президентти шайлоодо Бишкектеги элчиликтен добуш берет

© AFP / MAXIM MARMURПрезидентские выборы в Узбекистане
Президентские выборы в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президентин шайлоо күнү 4-декабрда болот.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектеги өзбек элчилигинде Өзбекстандын президентине добуш берүү үчүн шайлоо участкасы ачылат. Бул тууралуу өзбек элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын президентин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2016-жылдын 4-декабрына белгиленген.

"Кыргызстанда туруктуу жашаган жана убактылуу жүргөн өзбек жарандары президенттик шайлоого Айтматов проспектисинде жайгашкан өзбек элчилигинде, №8 шайлоо участкасында добуш бере алышат”, — деп жазылат маалыматта.

Предвыборные итоги выборов в президенты США - Sputnik Кыргызстан
New York Times: шайлоону Трамп жеңип алышы ыктымал
18 жашка толгон жана жанында паспорту бар бардык өзбек жарандары шайлоо укугуна ээ.

Добуш берүү иштери жергиликтүү саат 6:00дөн 20:00гө чейин болот. Элчилик каттоого турбаган өзбек жарандарын консулдук бөлүмгө кайрылуусун жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында (0 312) 986-296, 0550-300-201 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0