Бишкекте жаштар уюмдарынын жарманкеси өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүДень государственного флага и День белого колпака в Киргизии
День государственного флага и День белого колпака в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 60дан ашуун уюм катышып, ар кыл жаатта мастер-класстар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жаштар уюмдарынын жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган иш-чара жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулуп, 14-ноябрь күнү Бишкек Гуманитардык Университетинде өтөт.

"Иш-чаранын башкы максаты — өлкө боюнча жаштар уюмдарынын башын бириктирип, ынтымагын арттыруу. Алар өзүлөрүнүн мыкты долбоорлорун конокторго тартуулоого мыкты мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага 60дан ашуун уюм катышып, ар кыл жаатта мастер-класстар өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0