Окумуштуулар: ден соолукка ашкере кам көрүү саламаттыкты ого бетер начарлатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛекарственные препараты и градусник для измерения температуры. Архивное фото
Лекарственные препараты и градусник для измерения температуры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнү норвегиялык окумуштуулар жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ден соолукка ашкере кам көрүп, байма бай тынчсыздануу жүрөк ооруларына кабылуу мүмкүндүгүн жогорулата турганын BMJ Open журналына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор: күнүнө бирден жумуртка жеп туруу ден соолукка пайдалуу
Басылманын айтымында, адистер 50-жылдары жарыкка келген жети миң адамдын ден соолугун 12 жыл бою иликтеп келишкен. Изилдөөнүн катышуучулары 1997-1999-жылдардын аралыгында сурамжылоого кагаздарын толтурган, дал ушул мезгил аралыгында дарыгерлер алардын саламаттыгын текшерип турган.

Андан соң он жыл катары менен иликтөөгө катышкандардын кимиси кандай себеп менен ооруканага түшүп же көз жумганын байкоого алышкан. 

"Натыйжада ден соолугуна өтө эле тынчсызданган адамдардын жүрөк оорусуна кабылуу ыктымалдыгы жогору экени аныкталды. Демек, болбогон нерсеге көңүл өйүтүп, доктурларга чуркап жөнөгөндүн ордуна тиешелүү адиске кайрылып, ооруну тактап, дарылоо маанилүү", — деп жазат басылма.

Иликтөөнү норвегиялык окумуштуулар жүргүзүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0