Словакияда футболчу беттешти тейлеп жаткан калыс кыздын колун сурады

Жазылуу
Кийинчерээк Петра Instagram баракчасына "бул менин жашоомдогу эң сонун күндөрдүн бири болду" деп жазган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Словакияда футболчу өлкөнүн бешинчи дивизиондук футболдук оюнунун алдында сүйгөнүнүн колун сурады. Бул тууралуу жергиликтүү Sport7 басылмасы билдирди.

"Нижна" жана "Татрана" футболдук клубдарынын оюнуна аз эле мүнөттөр калганда "Нижна" клубунун оюнчусу Любомир Важечка 400 күйөрмандын алдында оюндун калысы, сүйлөшкөн кызы ПетрА Лепачкованын колун сурап, ага турмушка чыгуусун өтүндү. Футболисттин сүйлөшкөн кызы сунушка макулдугун берген. 

Фото опубликовано Petra Lepáčkova (@peetulkaa) Ноя 1 2016 в 2:04 PDT

Басылманын маалыматы боюнча оюн 3:1 эсебинде "Нижна" клубунун жеңиши менен аяктаган. 20 жаштагы ПетрА Лепачкова бул оюнду каптал жагынан тескемек, бирок сүйүктүүсүнүн сунушунан кийин анын орду алмаштырылган.

Кийинчерээк Петра Instagram баракчасына "бул менин жашоомдогу эң сонун күндөрдүн бири болду" деп жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0