Мамкурулуш "Жер-Үйдүн" акчасы кайда короп жатканын текшерди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтроительство БСА "Лужники
Строительство БСА Лужники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Чүй облусу боюнча "Капиталдык салым" беренеси боюнча 18 имараттын курулушу каржыланууда.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй облусунда "Жер-Үй" кенин иштетүү үчүн лицензиядан түшкөн каражатка курулуп жаткан социалдык имараттардын сапатын текшерди. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы маалымдады.

Быйыл Чүй облусу боюнча "Капиталдык салым" беренеси боюнча 18 имараттын курулушу каржыланууда. Бүгүнкү күнү 1916-жылкы Үркүндөн каза болгондорго арналып курулуп жаткан мемориалдын курулушу аяктады.

"Учурда Аламүдүн районундагы Октябрь айылындагы 750 орундук мектеп жакында колдонууга берилет. Анын курулушу былтыр башталган", — деди Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Абдылдабек Чыңгышов.

Мындан сырткары, комиссия Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы 50 орундуу оорукананын курулушу менен таанышты. Ал 2017-жылы курулуп бүтөт.

Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугун Россиянын "Восток-Геолдобыча" компаниясы утуп алган. Бул каражатка 100 жаңы мектеп куруп, 100 мектепти оңдоо пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0