ӨКМ: ашууларда кар көчкүсү күтүлөт

Жазылуу
ӨКМ айдоочуларды унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Күтүлүп жаткан жаанга байланыштуу ашууларда кар көчкү жүрүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, суук аба ырайына байланыштуу 4-6-ноябрда жаай турган жаан-чачын менен суук аба-ырайына байланыштуу жолдорго муз тоңот. 

"Бишкек — Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында Сары-Мойнок жана Сөөк ашуусунда кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

ӨКМ айдоочуларды унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0