Атамбаев илимпоздорго мамлекеттик сыйлык тапшырды

Жазылуу
Мамлекеттик сыйлык биология жана медицина илимдеринининин докторлоруна берилди.

БИШКЕК, 4 ноя — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча Жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыктар төмөнкү илимпоздорго тапшырылды:

 

  • Нургазиев Рысбек Зарылдыкович, Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору, ветеринардык илимдердин доктору;
  • Жапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович   — Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун алдыңкы илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору;
  • Акматова Элмира Казакбаевна — Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директорунун жардамчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, биология илимдеринин доктору;
  • Абдылдаев Дамир Керимкулович — Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун Маммология борборун директору;
  • Бебезов Бахадыр Хакимович — Борис Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, медицина илиминин доктору;
  • Узакбаева Банур Макешовна — Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология боборунун дарыгер-радиологу, медицина илиминин доктору;

 

Жаңылыктар түрмөгү
0