Ош: зилзаладан жабыркаган мектеп тургузулуп, пайдаланууга берилди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖилищное строительство в Московской области
Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жер титирөөдөн кулаган мектеп окуучуларды кайра кабыл ала баштады.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ошто зилзаладан жараксыз болгон мектеп кайра тургузулуп, пайдаланууга берилди. Иш-чаранын ачылышына өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Сооронбай Жээнбеков катышып мектепке компьютерлерди белекке берди.

Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен келди
Эске салсак, Кара-Суунун Жоош айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Сарай орто мектеби 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөдөн жараксыз абалга келген. Ошол күндөн бери окуучулар айылдык мечитте жана жеке менчик үйлөрдө окуп келишкен. Бүгүн 225 орунга ылайыкташтырылган мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттин эсебинен 62 миллион сом бөлүнгөн. Мектеп директору Саида Исраилова билдиргендей, аталган мектепте 231 окуучу билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0