ВИЧке кабылгандарды ооруга караганда чылым чегүү эртерээк өлтүрөт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПепельница с окурками
Пепельница с окурками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор мындай жыйынтыкты АКШда ВИЧ оорусуна чалдыккан адамдардын жашоосун көзөмөлдөп чыгарышкан.

БИШКЕК, 4-ноя.— Sputnik. ВИЧ илдетине кабылган адам чылым чексе, анын организмин ВИЧтин вирусу эмес, тамеки өлтүрөт. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Infectious Diseases басылмасына жазылган илимпоздордун макаласына шилтеме берип жазган.

"ВИЧ илдетине кабылган адам тамеки чексе, анын ооруга каршы ичип жаткан дарыларынын пайдасы тийбейт. Анткени адамдын организмин биринчи ирет ВИЧтин вирусу эмес, тамеки талкалайт. Башкача айтканда, чылым чеккен адам ВИЧ оорусунан эмес, тамекиден каза болушу мүмкүн. Аталган илдет менен ооругандар чылым чегүүнү токтотуп койсо кичине болсо да өмүрү узагыраак болот", — деди Гарвард университетинен Кришна Редди.

Илимпоздор мындай жыйынтыкты АКШда ВИЧ оорусуна чалдыккан адамдардын жашоосун көзөмөлдөп жатып чыгарышкан.

Ошондой эле алар чылым чегип жүргөн адам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганын билсе тамекиден дароо баш тартуусу керек деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0