Россиялыктардын КРде каттоосуз жүрүү мөөнөтү кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган келишимге ылайык, кыргыз жарандары да Россияда 30 күн каттоосу жок жүрүүгө укук алышты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргыз жарандарынын Россияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылды. Аталган келишимди ЖКнын депутаттары бүгүн ратификациялашты. 

ЖУмушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн бир миң жумушчу орун бөлүндү
Кыргызстан менен Россия мигранттарына ыӊгайлуу шарт түзүүгө багытталган бул келишимдин шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин катnоосуз жүрө алат. 

Эске сала кетсек, келишимге чейин кыргыз жарандары Россияда жети күн, ал эми Россия жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрүүгө укук алган. 

Талкуу учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бул келишимге бир жыл мурда кол коюлганын, ал ушу тапта иштеп жатканын билдирди. 

Кыргызстанда мыйзам бузган россиялыктарга 10 миӊ сом айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0