Кыргызстандык көз боемочулар Гиннес китебине киришти

© Фото / Каныкей СултановаКнига рекордов Гиннесса
Книга рекордов Гиннесса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөрпоздор кыска убакыттын ичинде Борбор Азиядагы 20 улуттун кийимин алмаштырууга жетишкен.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык көз боемочулар Радислав Сафин менен Ольга Крамер Гиннес рекорддор китебине катталганын Сафиндин маалымат катчысы Каныкей Султанова билдирди.

Анын айтымында, бул ийгилик Индиянын Нью-Дели шаарында катталып, рекорддор китебинин атайын диплому менен сыйланды.

"Өнөрүбүздү көрсөтүүгө 60 секунд берилген. Ийгилигибизге кубанып жатабыз", — деди Радислав Сафин.

Көз боемочулар кыска убакыттын ичинде сахнада туруп Борбор Азия элдеринин улуттук кийимдерин алмаштырып, белгилүү болушкан.

"Жакында эле кийимдердин санын 20га көбөйтүүнү чечип, аларды өтө кыска убакытта алмаштыруу максатын көздөгөнбүз", — деди Крамер.

Номердин өзгөчөлүгү — кийимдердин баары этникалык стилде тигилгенинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0