14:49 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Шаардык тез жардам кызматынын орун басарын Болотбек Абдылдаев

Тез жардам кызматкери: "кызыңар үзүлүптүр" деп апасына айта албай койдум

© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
345371

Билдирүү түшөөрү менен лакылдап машинеге түшүп жөнөшөт. Мындайда аны өтүп кестин деп айдооочулар да жол бошотпойт. Анан оорулуунун жакындары "кечигип келдиң" деп кол көтөрүп, сөгүп-сагып, жакалап да жиберет экен. Ооба, туура баамдадыңыз. Журналист Гүлдана Талантбекова тез жардам кызматкерлери туурасында сөз кылат.

Шаардык тез жардам кызматынын орун басарын Болотбек Абдылдаевди бир сааттай күттүм. Ал мен кэлээрдин астында билдирүү түшкөн жакка кетиптир. Ичимден "жетекчилер адатта кагаз толтуруп отурчу эле" деп ойлонгуча жадырап-жайнап кирип келди.

— Кечээ "агай, интервью болот" деп айтып кетпедим беле? Анын үстүнө сизди чакырууларга чыкпай, кагаз толтуруп отурат го деп ойлоптурмун.

— Жумушумду абдан жакшы көрөм. Чакырууларды таштабайт болушум керек. Медицина ушундай бир өзгөрүлмө тармак экен. Жыл сайын жаңы дары-дармектер, жаңы оорулар пайда болот экен. Ошондуктан бизге ар күн сайын практика керек деп ойлойм. 

— Азыр эмне болгон кишини алып келдиңер?

— Ош базарынын аялдамасында "оозунан кан агып эркек киши жатат" деп билдирүү түштү. Барсак элүү жаш чамасындагы киши мас болуп жатыптыр. Карасак жаракат алган деле орчундуу жери жок экен. Көчөгө таштап кете алган жокпуз. Анан машинеге салып, атайын көчөдө калгандар үчүн ачылган жайга жеткизип келдик. 

— Убара кылып майда-барат нерсе үчүн же жөн гана ойноп чалгандар көп болсо керек?

— Абдан көп. Кээде көчөдө жатат деп чалганынан барсаң өлүп калган болот. Мүмкүн эртерээк чалышса жардам берип калат белек деген ойдо каласың. 

Көбүнчө кичинекей балдар өрт чыкты деп чала берет. Чындыгын такташ үчүн өрт кызматкерлерине, милицияларга чалабыз. Туура маалымат болсо, албетте, барабыз. Кээде автокырсык дешет, барсаң эч нерсе жок. Жөн эле шаар аралап кайра келгендей болобуз. Негизи автокырсык дегенде турган бригаданы дароо жөнөтөбүз. 

— Силер барганга чейин өлүп калгандарды эмне кыласыңар?

— Каза болгондорду биз алып кетпейбиз. Милицияны чакырабыз. Чала жан болсо бейтапканага аман-эсен жетели деп машиненин ичинен ажал менен алышабыз. Болбой эле ажалга тарттырып жиберсек, сөөктү өлүкканага жеткизебиз. 

Заместитель Бишкекского отделения скорой помощи Болотбек Абдылдаев в рабочем кабинете
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Шаардык тез жардам кызматынын орун басарын Болотбек Абдылдаев: чала жан болсо бейтапканага аман-эсен жетели деп машиненин ичинен ажал менен алышабыз

— Сиздерди айтылган убактан кечигип келет деп көп сындар айтылып келет?

— Норма боюнча тез жардам чакырылган жерге он минутага жетпей барышы керек. Бирок эми жолдогу машиненин көбү, тыгындар, кызматтык машинелердин аздыгы, бригадалардын жетишсиздиги, дарыгерлердин жоктугу жумушту оорлотуп жатат.

Жалпы Тез жардам кызматында төрт жүзгө жакын киши иштейт. Биздики борбордук офис болуп саналат. Мындан тышкары, шаар ичинде төрт көмөк подстанциябыз бар. Жалпы 37 бригада — төрт реанимациялык, алты кардиологиялык, үч неврологиялык, эки психиатриялык, беш педиатрдык, бир гинекологиялык бригада бар. Калганы линиялык терапевттик бригада. Жалпы 40 машине бар, алардын 36сы күнүгө чакырууга чыкса, эки-үч машине атайын резервде болуп турат. Норма боюнча тогуз миң кишиге бир тез жардам кызматы болушу керек. А бизде шаар ичинде миллиондон ашык киши жашагандыктан 120 кызматтык унаа керектелет. Кечигип келгендин себеби да ушул болушу мүмкүн. 

— Сиздерде график маселеси кандай? Билишимче күнү-түнү кирпик какпай иштейсиздер…

— Норма боюнча 16 сааттык жумуш болуп эсептелинет. Анан жогорку жак менен макулдашып суткалык жумушка өткөнбүз. Бир күн иштеп, эки күн эс алат. Кошумча жумушта да иштегендер бар.

— Көбүнчө кайсы оорулар менен чакырышат?

— Оорунун сезондук түрлөрү бар. Жаз-жай ичи өткөндөр көбөйөт. Жазында жана күзүндө өнөкөт оорулар астма, бронхит, ангина башталат. Кышында суука кабылгандар көбөйөт. Бир күндө чакыруулардын саны 500-600дөн ашып кетет. Анан ушунча кишиге жардам көрсөтүү кыйыныраак. 

Дептериме баарын жазып турам. Маселен бул жакта бир күндө 557 киши чалса, токсонуна телефон аркылуу консультация берип, бейтапканага барууну сунуштайбыз. Кечиктирилгендердин саны алтымыш, кээде сексен деп турат. Калганы убагында барып жардам көрсөтүлгөндөр.

— Адресин деле туура эмес айтып убара кылгандар бар да?

— Толтура. Мисалы кээ бирөө жүрөгү ооруп, дем ала албай жатат деп тынчсызданып чалышат. Анан адресин сурасаң "баланчанчы маршруттун токтогон жери" дейт. Ал дагы жакшы эмеспи, үйүнүн номерин сурасаң "жашыл дарбазага келгиле" деп койгондор бар. 

— Кечигип келдиңер деп кол көтөрүп, ачуу сөз айткандарга кандай реакция жасайсыңар?

— Сөгөт, чабат, жакалайт. Кайра кечирим сурашат. Эми аларды түшүнсө болот. Урушканда бирөө унчукпай калганы туура деп ойлойм. Анын үстүнө жол тыгын да бир топ убакытты алат. Көбү жол бербейт. Анан танка болбогондон кийин тебелеп же айдоочусу менен жакалаша албайт экенсиң. Буйтап отуруп жеткиче ошол болот.

— Унаанын ичинен оорулуу чуу салбайбы?

— Бул көрүнүш көбүнчө нашаа чеккендерге мүнөздүү. Алар укол сайгандан кийин өзүнө келип алып бизди жакалап, машиненин майда-чүйдөсүн талкалаганга жетишет. Анан мына түшүрөйүн деп атсаң качкан боюнча жөнөшөт. Эгерде шок абалындагы бейтап болсо кеп башка. Мындайда сынык буту менен деле басып кете берет. Ар кандай кишилер менен иштешип келебиз. Сайынып, асынып алгандарга, тыбырап ооругандарга барабыз, же чакыртып алып баланча бейтапканага алып бар деп чакырышат.

— Асынып алгандарга дагы чакырышабы? Көбүнүн тагдыры сиздер баргыча эле чечилип калат го дейм…

— Чала жан болуп калгандарда жашап кетүү үмүтү бар. Туура, көбү өлүп калат. Ошонтсе дагы үмүт менен чакыра беришет. Бир жолу 19 жаштагы кыз оору менен жабыркап жүрүп түндө каза болуптур. Эртең менен Тез жардам барып, каза болду деп кагаз жазып кетет. Анан эки үч-сааттан кийин айылдан кыздын ата-энеси келип, жылуу комнатада жаткан кызын көрүп денеси жылуу экен деп кайрадан бизди чакыртты. Ага деле бардык. Анан "кызыңар каза болуптур" дегендей ишарат кылсам, апасы буркурайт "бир дем алдырып көрчү" деп. Аларды деле түшүнсө болот. Үмүт деген үмүт да.

— Иш практикаңызда убагында барып сактай албай калган учурларыңыз болсо керек?

— Бир жолу Ак-Өргө жаңы конушуна барсак бир үй-бүлөнүн баары автокырсыктан каза болуп калыптыр. Дем алган бирөөсү да жок! Арасында кичинекей балдар дагы бар экен. Мен ошондо абдан жаман болгом. Буга чейин "көнүп калдым, мен мерезмин" деп жүрчүмүн. Бир күн кечке маанайым жок жүргөнүм эсимде. 

Заместитель Бишкекского отделения скорой помощи Болотбек Абдылдаев на салоне реаномобиля
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Болотбек Абдылдаев: бир жолу Ак-Өргө жаңы конушуна барсак бир үй-бүлөнүн баары автокырсыктан каза болуп калыптыр. Дем алган бирөөсү да жок! Арасында кичинекей балдар дагы бар экен. Мен ошондо абдан жаман болгом. Буга чейин "көнүп калдым, мен мерезмин" деп жүрчүмүн

— Өзүңөр кырсыкка кабылган учур болгонбу?

— Болгон. Оорулууга баратканда биздин машине жол кырсыгына учурап, айдоочубуздун омурткасы сынып, дарыгер менен фельдшер жеңил жаракат алган. Азыр кырсыктын кесепетинен айдоочубуз кирип-чыгып жеңил жумуш менен алектенип калды. Дагы жакшы, оорулууга бара жатканда кырсыкка кабылышты, эгерде оорулуу менен келе жатканда болсо жаман эле болмок. 

— Ден соолук бардыгына бирдей демекчи, жогорку кызматтагылар кайрылганда тез келгиле деп кыр көрсөткөн учурлар кездешеби?

— Жогорку кызматтагылар деле кайрылышат. Кыр көрсөтпөйт, тескерисинче, жардам көрсөтсө деп айланчыктап турушат. Маселен иш практикамда Атамбаевдин баласынын температурасы көтөрүлүп барганбыз. Андан тышкары, Нариман Түлеевдин, Жылдызкан Жолдошеванын неберелерине жардам көрсөткөнбүз. Чынын айтканда, оору бардыгына бирдей. 

— Алар сиздерге жакшы төлөп беришсе керек?

— Эми аны ыраазычылык катары түшүнүш керек. Негизи биз айлык акы менен эле жашайбыз. Чакыруулардын баары бекер. Кыргызчылык деген бар эмеспи. Көбүнчө картаң кишилердин үйүнө барсаң бир банка салатын, кыямын көтөрүп чыгып берет. Айрымдар 200 сом берип артыңан арыз жазат. Беш кол тең эмес экен. Кээ бир кесиптештерибиз өздөрү сураган учурлар да болот экен. 

— Кадр маселеси тууралуу айта кетсеңиз. Жумуштун оорчулугу, ыңгайсыздыгынан көп эле адамдар иштегиси келбесе керек?

— Биринчи кезекте финансы жагы турат. Бизде бир ставка беш миң сом. Анан мындай акча менен жаш адисти кызыктыра албайт экенбиз. Экинчи себеби — көбү жумуштун оорудугуна чыдай алышпайт. Жайдын ысыгы, кыштын суугу, анан психологиялык жактан ар кандай окуяларга кабылышат. Эки жумадан кийин "иштей албайм" деп арызын жазып чыгып кетишет. Ошон үчүн Тез жардамга жумушунун фанаты эле келип иштейт деп айтуу туура. 

— Сиздерде кийген форманы ким берет?

— Өзүбүз тиктирип, сатып алабыз. Булардын материалдары абдан бышык болгондуктан кан тамганда ушалап койсоң кетип калат. Кышкы формабыз 5000 миң сомдон жогору, жайкылар беш жүздөн өйдө турат. Кээде лыжанын формасын деле алып алабыз. 

Реаномобили Бишкекского отделения скорой помощи
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Бишкек шаардык тез жардам кызматынын автоунаалары

— Бирок эми тез жардамдын формасы айырмаланып туруш керек да? 

— Туура. Түн ичинде кырсык болгон жерге барсаң айланаңдан кыйма-чийме машинелер сени кошо сүзүп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн машиненин жарыгы тийгенде биздин форманын чекелери күйөт. Ал атайын ушундай материалдан жасалган. 

— Маектин жүрүшүнүндө кесибиңизди абдан сүйөөрүңүздү байкадым. Медицинаны эмне максат менен тандап алдыңыз эле?

— Ак халатчан болуу бала кезимдеги кыялым болчу. Медициналык институтка алты жолу тапшырып, улам кулап отуруп өткөм. Анан мени группада окугандар "аксакал" деп шылдыңдашчу. Эң башкысы жумушка сүйүү жана жоопкерчилик керек.

Тема боюнча

Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
Травматолог: сасык тумоонун айынан кыргызстандык айымдар майып балдарды төрөп жатат
Белгилер:
куткаруу, тез жардам, жардам, Болотбек Абдылдаев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ