"Конфуций" китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты

© AFP / LIU JINСтатуя Конфуция в одном из храмов Пекита, Китай
Статуя Конфуция в одном из храмов Пекита, Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим боюнча накыл кептер камтылган.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарых жана маданият жылына карата кыргыз тилинде "Кун Фу Зы" (Конфуций) китебин чыгарды. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков маалымады.

© Фото / пресс-служба фонда "Ыйман"Кыргыз тилинде "Кун Фу Зы" (Конфуций) китеби
Презентация книги Конфуций на кыргызском языке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилинде "Кун Фу Зы" (Конфуций) китеби

Китепте дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим, ажал, достук, милдет, маданият, тарых тууралуу айткан накыл кептери камтылган.

"Кыргыз окурмандары да анын кеп-кеңешинен руханий азык алат деген ишеничтемин. Китеп жөнөкөй, жатык тил менен жазылып, окурмандарды өзүнө бат тартып алат", — деди Нуржигит Кадырбеков. 

Китепти публицист жана журналист Эрнис Асек уулу түздү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0