Жамалдинов: айрым депутаттардын кабинетинде душ бар, кээси кабылдамага жетпей отурат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов бул көрүнүш депутаттар арасында теңдик жок экенинен кабар берет деди.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Депутаттардын айрымдарында душ бар, кай бирлери кабылдамага жетпей отурат. Ушулбу теңдик? "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып собол салды. 

Белгилей кетсек, парламентте референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, эл өкүлдөрү чектөөсү жок сүйлөөгө укук алышкан. 

"Парламенттеги айрым депутаттардын кабинетинде душу бар, кээсиники тар болгондуктан, кабылдамасы да жок. Ушулбу депутаттардын теңдиги?" — деди Жамалдинов. 

Учурда кызуу талкуу уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0