Кыргызстандык сулуу "Дүйнө модели" сынагына визадан улам бара албай калды

© Фото / Юлия Кривошеева (bykivi)Кыргызстанская модель Карина Малая
Кыргызстанская модель Карина Малая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан биринчи жолу катышып жаткан дүйнөлүк сынак Кытайдын Шэньчжэн шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык сулуу октябрдын орто ченинде учушу керек болчу.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык модель Карина Малая Кытайда өтө турган эл аралык "Дүйнө модели — 2016" сынагына виза ала албай калганы үчүн барбай калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине моделдик долбоорлор менен иш алып барган компаниянын директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди. 

Кыргызстан биринчи жолу катышууга укук алган дүйнөлүк сынак Кытайдын Шэньчжэн шаарында 16-октябрь күнү башталып, 7-ноябрда аяктайт. 

"Виза алуу аракеттерин 5-октябрда баштаганбыз. Кытай элчилигинде болгон терактыга байланыштуу индивидуалдык визалар берилбейт экен. Мындан улам бийкечтин жалгыз кетишине уруксат берилген жок. Виза топ адамдарга берилгендиктен дагы башка адамдарды табыш керек болду. Карина 15-октябрда учушу керек болчу. Бирок бул күндөргө чогуу кете турган адам табылбай калды", — деп билдирди Таттыбүбү Самидин кызы. 

АКШнын Кыргызстандагы посолчулугу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сиз бизди ынандыра алган жоксуз" — КР дзюдочусуна АКШга виза берилбей калды
Ал эми Кытай элчилигинин консулдук кызматы өзүнчө категориядагы визаларды берүү (студенттерден башка) тартиби терактыдан кийин жаңылана элегин билдирди. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-августунда жанкечти Mitsubishi Delica унаасы менен Кытай элчилигинин батыш дарбазасын сүзүп жарылган. Натыйжада өкүлчүлүктүн үч кызматкери жеңил жаракат алган. Окуядан кийин элчилик КР жарандарына виза берүүнү токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0