Акимдин орун басары: өспүрүмдөрдүн күйөөгө берилиши боюнча документтер милицияда

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин архивдик сүрөтү
Милиция кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарындагы Байгөнчөк айылынын тургуну 11-октябрда жашы жете элек эки кызын турмушка узатып жиберген.

БИШКЕК. 1-ноя. — Sputnik. Байгөнчөк айылындагы жашы жете элек кыздарды турмушка берүү маселеси боюнча райондук Ички иштер бөлүмүнө тиешелүү документтерди тапшырылды. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Ак-Талаа райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары Жылдыз Мамбетова билдирди.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы жашы жете элек эки кызын 11-октябрь күнү турмушка узатып жиберген

"Бизге тергөө бир айга созулат дешти. Маалыматтар топтолгондон кийин иш тергөөгө жиберилгендигин кечээ РИИБден кабарлашты. Эми анын жыйынтыгын күтүшүбүз керек", — деди Мамбетова.

Жогорку Кеңеште 5-октябрда өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган мыйзам долбоор талкууга алынып, үчүнчү окууда көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Мыйзам 18 жашка чейинки кыз-балдардын турмуш куруусуна тыюу салат. Ал эми өспүрүм кыз менен баш кошууга шарт түзгөндөрдү 3-5 жылга камоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0