Бишкектин Тыналиев көчөсү үч айга жабылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо белгиси. Архив
Жол оңдоо белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэрия айдоочуларга алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жылуулук тармагына жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу Тыналиев көчөсү унаалардын каттоосу үчүн жабыла тургандыгын Бишкек мэриясынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда 1-ноябрдан тарта Ахунбаев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн ортосундагы Тыналиев көчөсү жабылды. Бул жылуулук тармагында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Реконструкция келерки жылдын январь айынын акырына чейин уланат. 

Бишкек мэриясы айдоочуларга алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууну сунуштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0