Жээнбеков: энергетиктер көйгөй тууралуу маалыматты ЖМКдан мурун билиши керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков авариялык кырдаал катталган учурда эл диспетчерлерге чала албай жатканын айтты.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагында жаралган көйгөйлөрдү убагында чечүүнү буюрду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

2016-2017-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабынын жыйынында Жээнбеков калкка көрсөткөн кызматтан улам энергетиктердин жумушуна баа бериле турганын айтып өттү. Ошондой эле авариялык кырдаал катталган учурда эл аларга чала албай жатканын белгиледи.

"Массалык маалымат каражаттары кайсы жерде авариялык кырдаал катталганын байкап карап турушат. Силер ага жеткирбей эле убагында маселени чечип койсоңор болот да. ЖМКларга чыккан маалыматты күтүп отурбай, алардан алдыда иштешиңер керек”, — деди өкмөт башчы.

Жээнбеков энергетика компанияларынын жетекчилерине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте калк менен иштеген борборлорду көзөмөлдөп турууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0