Шопоков көчөсү кайрадан ремонтко жабылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолго асфальт төшөлгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин чуңкурлар пайда болгон. Буга байланыштуу жеке компания өзүнүн каражатына оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 1-3-ноябрь аралыгында жабыла тургандыгын мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, мында асфальт төшөөдө мүчүлүштүктөр кеткен. 

"Жолго асфальт төшөлгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин чуңкурлар пайда болгон. Буга байланыштуу жеке компания өзүнүн каражатына оңдоо иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми "Бишкекасфальтсервис" ишканасы Эркиндик бульварындагы тротуарларга капиталдык ремонт жүргүзүп жатат. 

"Бульвардын Киев көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү толугу менен оңдолуп бүттү. Тротуарларга ирригациялык лотоктор орнотулду. Учурда Токтогул көчөсүнөн Линейная көчөсүнө чейин асфальт төшөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бардык иштер үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аяктоосу пландалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0