ЖМК: мас күйөөсү аялы учуп кетет деген ой менен аэропортто бомба бар деп билдирген

© Sputnik / Табылды КадырбековСМС жазып жаткан адамдын архивдик суроту
СМС жазып жаткан адамдын архивдик суроту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция көп өтпөй эле телефон чалуу кайдан келгендигин аныктай баштаганда жиптин учугу аларды 30 жаштагы жигиттин үйүнө алып барган.

БИШКЕК, 1-ноя. – Sputnik. Алагүү болуп алган күйөөсү аялы Бишкектен учуп кетет деген ой менен "Манастагы" бомба боюнча жалган маалыматты бергендигин K—News агенттиги тартип коргоо органдарына таянып жазып чыкты. 

Бүгүн милицияга саат 16.10до "Манас" аэропортундагы бомба тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аба майданга ИИМдин ыкчам-иликтөө тобу, УКМК кызматкерлери жана саперлор тартылган. Бомба коюлду деген маалыматтан кийин "Манас" аэропортунан жамаат менен жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

Россияда поездди "бомба бар" деп токтоткон кыргызстандык аялга сот айыппул гана салды
Телефон чалган кишинин изин таап, милиционерлер эшигин ачып кирип жатканда келинчеги келип калган. Аялы күйөөсүнүн мындай кылыгына комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок учурда үйүндө.

Агенттик милиция көп өтпөй эле телефон чалуу кайдан келгендигин аныктай баштаганда, жиптин учугу аларды Министрлер кеңеши (Совмин) үйлөрү турган жерге алып баргандыгын жазды. Тактай келгенде, ал 30дардын ортосундагы эркек киши болуп чыккан. Шектүүнү милиция дароо алып кеткен. 

КРдин Кылмыш Кодексинде билип туруп эле кандайдыр бир жарылуу, адам өмүрүнө кооптуулук жаратат деген жалган маалыматтарды берсе, 500дөн 1 миң көрсөткүчкө чейин (50-100 миң сом) айып салынып, же бир жылдан үч жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0