Балдар адабиятына конкурс жарыяланды

Жазылуу
Жеңүүчүлөргө бериле турган байгелер менен кызыктыруучу сыйлыктардан тышкары чыгармаларды талдай турган калыстар тобуна да акчалай сыйлык каралган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бөбөктөр үчүн акын-жазуучулар арасында адабий сынак жарыялана турганын иш-чаранын уюштуруучусу Олжобай Шакир билдирди.

Анын айтымында, сынакка ыр, жомок, тамсилдер кабыл алынып, авторлордун жаш курагына чек коюлбайт.

"Чыгармалар ушул жылдын 1-ноябрынан тарта кабыл алынып, 20-декабрь күнү токтойт. Бизге келип түшкөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек. Мындан тышкары, сынакка келип түшкөн чыгармалардын көлөмү эки барактан ашпоого тийиш. Ар бир автордун бирден гана чыгармасы кабыл алынат", — деди Олжобай Шакир.

Белгилүү жазуучу сынактын байге фондусу 30 миң сом экенин белгилеп, биринчи орунга – 7 000 сом, экинчиге — 5 000 сом, ал эми үчүнчүгө — 3 000 сом сыйлык каралганын белгиледи. Мындан сырткары, кызыктыруучу байге катары дагы 5000 сом бөлүнүп, калыстар тобуна 10 миң сом каралган.

Уюштуруучулар адабий сынактын мөөнөтү бүткөнгө чейин калыстар курамындагылардын эч биринин аты-жөнү жарыяланбай турганын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0