Тирүүлүк — бакыт! Назаренко менен РФ жылдыздарынын жашоо тууралуу клиби

Жазылуу
Россия эстрадасынын жылдыздары интернет жана социалдык тармактар аркылуу жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө чакырган "#Жить" аттуу долбоор үчүн атайын клип тарттырышты.

Чыгарманы Григорий Лепс, Полина Гагарина, Евгений Маргулис, "Город 312" тобунан Ая, Гарик Сукачев, Николай Расторгуев, Александр Маршал, Виктория Дайнеко жана башкалар аткарышкан.

Аянын айтымында, "адамга чыныгы бакыт үчүн улам эле бир нерсе жетишпегендей сезиле берет".

"Бакытка балкып турган кезибизде ал убактылуудай сезилип, мына-мына жок болуп кетет деген ой менен жашайбыз. Бирок жүрөгүңдө кубаныч жашап турса кыйынчылыктарды оңой эле жеңүүгө болот. Өзүңдү дайым жакшы нерсеге багыттап жашаган жакшы", — деди ал.

Долбоор менен аталган чыгармага белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко авторлук кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0