Шаардык милиция Бишкектеги массалык мушташ тууралуу маалымат таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган эки жигит 21, ал эми бирөө 31 жашта болгон. Үчөө тең белгисиз бирөөлөр кол салгандыгы тууралуу милицияга арыз кайрылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы массалык мушташ тууралуу үч жаран арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган массалык урушуунун видеосу жарыяланган.

"28-октябрь күнү үч жаран арыз жазып, белгисиз бирөөлөр түн оокумда кол салганын айтышты. Арыз жазгандардын экөөсү 21, үчүнчүсү 31 жашта", — деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучулар соттук медициналык экспертизадан өткөн соң кылмыш ишин козгоо чарасы көрүлөт.

Бишкектеги массалык мушташтын кадрларын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0