Баткенде адам сатуунун алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду

© AP Photo / Adel HanaКолу буулган адам. Архив
Колу буулган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер башкармалыгын кызматкерлери жана казыяттын өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Баткенде адам сатуунун алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара өкмөттүн адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдардагы программасына карата жасалууда.

"Баткен облусунда жаштардын арасында адам сатуунун алдын алуу максатында жаштар өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар, лекциялар уюштурулду", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер башкармалыгын кызматкерлери жана казыят өкүлдөрү катышып, пайдалуу маалыматтарды айтуу менен тиешелүү суроолорго жооп беришти.

Семинарлар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, облустун башка аймактарында да улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0