Бишкектеги социалдык объектилерге жылуулук берүү уланууда

© flickr.com / Mark TurnauckasЖылыткычтын жанында отурган мышыктын архивдик сүрөтү
Жылыткычтын жанында отурган мышыктын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бир канча мектептерге жылуулук берилип, бала бакча жана тез жардам мекемелерине да жылуулук берүү иштери уланууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы социалдык объектилерге жылуулук берүү иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-25-октябрь күндөрү шаардагы №17, №14 орто мектептерге жылуулук берилген.

"Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук куурлары оңдолуп жаткандыктан №120 бала бакчасына 1-2-ноябрь күндөрү жылуулук берилет", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Тез жардам станциясында дагы жылуулук куурлары оңдолуп, эки күн ичинде маселе чечилет, деп жазылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0