Министрлик: онкологиялык бейтаптар "табыптын" жеке борборунан кетүүдөн баш тартты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга пользователя Нурлана Жолдошева. Народный целитель Ашым Зайналиев. Архивное фото
Снимок с видеохостинга пользователя Нурлана Жолдошева. Народный целитель Ашым Зайналиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик табып Ашым Зайналиев тийиштүү документи жана билими жок эле оор абалдагы онкологиялык бейтаптарды дарылап жатат. Саламаттык сактоо министрлиги борборду жабууну көздөп, табыпты көз боёмочу деп атады.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бейтаптар элдик табып Ашым Зайналиевден кетүүдөн баш тартканын Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин директор орун басары Тилек Жантайбеков билдирди.

Буга чейин ЖМКларга Зайналиевдин акыркы стадиядагы онкологиялык оорулууларды эч кандай хирургиялык операциясыз дарылап жатканы маалымдалган. Ошол эле учурда аталган борбордон дарыланган аялдын каза болуп калганы да айтылган. Бишкек ШИИБи Зайналиевге карата кылмыш ишин козгоду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче бул борборду бүгүн жабуу пландалган. 

"Укук коргоо органдары жабат. Бүгүн биз өзүбүзгө тиешелүү иштерди аткардык. Зайналиевдин дарылоо иштерин жүргүзүү үчүн эч кандай документтери жок экени аныкталды. Бейтаптар менен сүйлөшүүгө аракет кылдык. Ал жакта 16 киши бар. Аларды онкологиялык борборго которулгула деп ынандырууга аракет кылдык. Биз менен Тез жардам кызматынын унаасы да барган. Бирок бейтаптар ал жактан кетүүнү каалашкан жок", — деди Жантайбеков.

Ал ошондой эле Зайналиев дарыгерликке окубаганын билдирип, анын шек жарата турган дарылары бар экенин айтты. Жантайбеков мындай "табыптардан" дарылануу кооптуу экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0