БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Чолок-Кайынды айылынын тургуну 40 жаштагы Айгүл Чотурова үч эм уул төрөгөнүн аймактык кабарчыбыз Нарын облустук бириккен оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Бегай Үмөтовага шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Капарбек Исаев менен Айгүл Чотурованын буга чейин беш баласы (төрт уул, бир кыз) бар болчу. Учурда алар жети эркек, бир кыздын ата-энеси болушту.
Капарбек Исаев учурда аялына балдарды каралашканга жардам берип жатат. Ал эми Айгүл Чотурова эми балдарды айыл шартында багып чоңойтуу оор болорун, андыктан жылуу жайлуу жер болсо жакшы болмоктугун билдирди.
Нарын облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Бегай Үмөтованын айтымында, 40 жаштагы келиндин үч эм төрөй турганы төрөт учурунда билингенин айтты.
"Бизге 24-октябрда күндүз толгоом башталды деп келген. Биринчи баласы төрөлгөндөн кийин үч эм экенин билдик. Балдар 36 жумалык болуп төрөлдү, булар ара төрөлгөн балдардын катарына кирет. Бирөөсүнүн салмагы 1,9 кг, экөөнүкү 1,7 килограмм", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле бул райондун тарыхында үч эм төрөлгөн экинчи учур экенин кошумчалады. Биринчи үч эм жолу 2008-жылы жарыкка келген.