Айыл өкмөт: Тоңдон Сирияга чыгып кеткендердин каза болгону боюнча кабар келген жок

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация в Сирии
Ситуация в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов бул маалыматты тактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тоң районунун бир нече айылынан 76 жаштагы энеси баш болуп Сирияга чыгып кетти деген үй-бүлөнүн бир катар мүчөлөрүнүн ал тараптан каза болушун маалымдаган кагаз келген эмес. Бул жөнүндө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттингине аталган райондун Мамбетов жана Төрт-Күл айылдарынын жетекчилери Иличбек Көөкөров жана Улан Турганбаев билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКларда аталган үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү Сириядан каза болгондугу жөнүндө кабар келгени маалымдалган.

Эскерте кетсек, былтыр Тоң районунун Бөкөнбаев айлынын жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен.

"Биздин айылдан беш киши кеткен. Алардын каза болуп калганы туурасында бизге маалыматтар келип түшкөн эмес. Азыр эле милиция кызматкери да келип тактады, кабар келбегени анык болду", —деди Көөкөров.

Ал эми экинчи айыл өкмөттүн башчысы Улан Турганбаев Төрт-Күлдөн төрт киши кеткенин айтып, андай кагаз келбегенин белгиледи.

"Андай маалыматтар бизде жок. Каза болуп калды деген кагаз да келген эмес, маалыматым жок",— деди Турганбаев.

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдун жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен
ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов бул маалыматты тактап жаткандыгын айтты. 

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Сирияда элчилик жок болгондуктан, жакын жайгашкан Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине КР жарандары каза болду делген маалыматты тактоого тапшырма бергенин билдирди.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 36 жаштагы тургуну бир жыл ичинде аймактагы айылдарда жашаган 19, ал эми Балыкчы аймагынан беш тууган-туушканын алып согуш жүрүп жаткан Сирияга чыгып кеткен. Алардын арасында 76 жаштагы байбиче болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0