ИИМ: Сузактагы окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

© Фото / Талгат БакиевПохороны 13-летнего парня в Сузаке, который покончил собой из-за подозрения кражи денег
Похороны 13-летнего парня в Сузаке, который покончил собой из-за подозрения кражи денег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкен, бирок бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Асынып калган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдин ата-энесинин арызынын негизинде Сузак РИИБи кылмыш ишин козгогонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Баланы өлүмгө түрткөн 10 миң сом чыры. Шерзаттын кейиштүү өлүмү. Шектенген тараптар - Sputnik Кыргызстан
Баланы өлүмгө түрткөн 10 миң сом чыры. Шерзаттын кейиштүү өлүмү. Шектенген тараптар
Эскертсек, 23-октябрда мектеп окуучусу Сузак районунун Сымкат айылындагы үйүндө асынып калган. Маркумдун туугандары аны айылдашы кордоп уруп, "10 миң сом менен пневматикалык курал уурдадың" деп моюнга алдырууга аракет кылганын айтышууда.

"Кылмыш иши каза болгон окуучу баланын ата-энесинин арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси "Бейбашчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Иш оор: туугандары анын сабалганын, ур-токмокко алгандар аны өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирген деп жатышат. Экинчи тарап булардын баарын төгүнгө чыгарып, окуя таптакыр башкача болгонун айтышууда", — деди Осмонбаев.

Анын айтымында, тергөө амалдары жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы милиционерлерге карата да териштирүү башталганын кошумчалады.

Осмонбаев айыпталып жаткан жарандын баш коргоо чарасы карала электигин белгиледи.

Сузактагы окуучу баланын асынып өлгөн окуясынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0