"Тез жардам" имаратына кийинки жумада жылуулук берилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясын орнотуп жаткан жумушчунун архивдик сүрөтү
Жылуулук батареясын орнотуп жаткан жумушчунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тез жардам" станциясынын жетекчилиги бир жумадан бери кызматкерлери муздак иш бөлмөлөрдө иштеп жатат деп мэрияга кайрылган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын имаратына кийинки жуманын башынан баштап жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылды
Буга чейин станциянын кызматкерлери ЖМКга имаратка кетчү жылуулук өткөргөн түтүк жарылгандыктан жылытуу системасы иштебей калганын айтып, жети күндөн бери дарыгерлер муздак бөлмөдө иштеп жатканы тууралуу маалымат тараткан. 

Мэриянын маалыматына ылайык, "Тез жардамдын" жетекчилиги вице-мэр Айгүл Рыскулованын өзүнө дагы кайрылышкан. Вице-мэр жакынкы убакта абал өз ордуна келет деп ишендирген.

Бүгүн "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери жарылган түтүктү алмаштыруу үчүн ишке киришти. Бул иш үчүн эки-үч күн керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0