Көлдө терс диний агымдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүДиний китеп окуп жаткан адамдын архивидк сүрөтү
Диний китеп окуп жаткан адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага муфтияттын γгγт-насаат жана билим берγγ бөлγм башчысы Билалидин Сайпиев, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, "Ыйман" фондусунун өкүлдөрү, декандар жана студенттер катышты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө диний терс агымдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Анын максаты студенттерге экстремизм, терроризм, радикализм, анын алдын алуу туурасында маалымат берүү болуп саналат. 

"Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Балыкчы шаардык мэриясында лекциялар уюштурулду. Сабак учурунда катышуучуларга атайын роликтер көрсөтүлүп, Сирияга азгырылбоо тууралуу кеңири маалыматтар берилди", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага муфтияттын γгγт-насаат жана билим берγγ бөлγм башчысы Билалидин Сайпиев, облус казысы Алмазбек Сагындыков, Балыкчы шаарынын имамы Чойбек Исакунов, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, "Ыйман" фондусунун өкүлдөрү, декандар жана студенттер катышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0