Атамбаев: Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болорун элестете албайм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Верительные грамоты от Послов ряда иностранных государств
Президент Алмазбек Атамбаев принял Верительные грамоты от Послов ряда иностранных государств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бийликти басып алууга болгон аракеттер мындан үч жыл мурда болгонун билдирип, демократиялык түзүлүштөн жана күчтүү жарандык коомдон улам жаңы революция болот деген коркунуч жок экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргыстанда мамлекеттик төңкөрүш болорун элестете албайм. Мындай пикирин КР президенти Алмазбек Атамбаев тогуз мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өзбек эли президенттикке Шавкат Мирзиёевди шайлап аларына үмүт артам
Атамбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алган 25 жылдын ичинде татаал жолдон өтүп, эки революцияны баштан өткөргөнүн баса белгиледи. Президент акыркы жолу бийликти басып алууга аракеттер үч жыл мурда болгонун айтып, эми Кыргызстан өз жолун таап, анын аркасында экономика менен жарандык коом өнүгүп жатканын, башкысы өлкөдөгү туруктуулукту бузууга жол берилбей турганын баса белгиледи.

"Келечекте бийликти басып алууга болчу аракеттерди, революциянын болушун элестете да албайм. Себеби бизде күчтүү жарандык коом бар. Көпчүлүк кишилердин ойлонуусу кескин түрдө өзгөрдү", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле ушул жылдын декабрь айында референдум өткөрүү пландалып жатканын айтып, анын натыйжасында Кыргызстанда авторитаризмди орнотууга негиз болгон жагдайлар жокко чыгарыларын айтты. Баш мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр күч структураларында, прокуратура органдарында реформа жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин, ал өз кезегинде бизнести текшерген органдарды азайтууну шарттарын кошумчалады.

"Текшерүүлөр азайып, колдоо көбөйөт… Парламент менен Кыргызстан эли аны жолдойт деп ойлойм. Сиздердин мамлекеттин ишкерлери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Биздеги шарт КМШ аймагында баарынан мыкты болот", — деп Атамбаев баса белгиледи.

Президент андан сырткары, декабрда референдум өткөндөн кийин ал өз мөөнөтүнүн аягына чейин орто, чакан жана ири бизнес үчүн бардык шартты түзүүгө аракетин жумшай турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0