Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылды
Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолдогу жылуулук куурлары оңдолуп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жукеев-Пудовкин жолунун Жантөшев көчөсүнөн Суванбердиев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылган.

"№120 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук трассасында болгон авариялык абалдан улам убактылуу чектөө киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардык муниципалитет кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0