БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нарын облусундагы Ак-Талаа районунан чыгып, Ак-Мойнок ашуусу аркылуу коңшу Тогуз-Тородогу Казарман айылына баруу үчүн 5 адам түшкеө жуук "Нива" үлгүсүндөгү автоунаа менен жолго чыгып, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жоголгондорду издөөгө Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин 5 куткаруучусу, райондук Тез жардам кызматынын фельдшери издөөгө алган.
Маалымат кызматы аларды ӨКМдин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Максатбек Чоробеков жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетекчиси Марат Эдигеев баш болуп издеп чыкканын кабарлады.
"Баетов — Кош-Дөбө — Макмал унаа жолунун болжол менен 125-чакырымында карда унаасы тыгылып калган жарандарды табышкан. Жолдо калган унаа ээси жана жүргүнчүлөр Кош-Дөбө айылында бир үйгө түнөп калышкан", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ бул жагдайдан эч ким зыян тартпагандыгын кошумча кабарлады.