Оштун Кара-Суусунда аш-тойдун чыгымдары кыскарууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге мындан үч жыл мурда жергиликтүү жашоочулардын арызынын негизинде ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында көтөрүлгөн.
Айыл өкмөтү Жаныбек Бакыев: Оштун Мамажан айылында аш-той чыгымдары кыскарды

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Мамажан айылында аш-тойго жумшалчу чыгымдын көлөмү азая баштаганын Мамажан айылынын башчысы Жаныбек Бакыев билдирди. 

Анын айтымында, учурда тойго жаштар кымбат баалуу кортеждер менен эмес, көп орундуу автобус жана бустар менен чыгып, жамандыкта союлуучу жандыктын саны да кыскарган. Бул демилге мындан үч жыл мурда жергиликтүү жашоочулардын арыздарынын негизинде ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында көтөрүлгөн. 

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштогу жаш жубайлар дагы ашыкчы чыгымдардын ордуна балдарды мектепке даярдашат
"Эл башчылары Абдималик Матаипов, Маматалым Аттокуров айылдык кенештин депутаты Арапбай Култаев жана жаш активисттер, аялдар кеңешинин төрайымынын эл арасында тынымсыз жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен соң бул демилге ушул жылы акырындык менен ишке аша баштады. Мисалы жаштар үйлөнүү тоюндагы көңүл ачууга 10-12 кымбат баалуу унаа кортежи эмес, көп орундуу автобус жана спринтер унаалары менен чыга башташты",— деди Бакыев.

Ал белгилегендей, бул демилгеге каршылык көрсөткөндөр да жок эмес.

"Андай жарандарга айыл өкмөт жетекчилиги тарабынан алгач эскертүү берилет",— деди айыл башчы.

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген салтанат - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда
Мындан сырткары, аталган айылда маркумду жерге берүүдө бодо мал союу токтотулуп, майда жандыкка өтүшкөн.

"Маркумдардын жылдыгын өткөрүү, бейшембилик өткөрүү, кийит кийгизүү сыяктуу салттар да кыскартылып, учурда анын ордуна жылдык өткөрүүнү пландаштырган үй- бүлөлөр айылдагы көчөлөргө шагыл төгүп же асфальт төшөп бере баштады. Анткени кийит кийгизип, бодо мал союп, ысырап кылуунун ордуна каалоочулар бир көчөнү ондоп шагыл төгүп берсе бул жергиликтүү жашоочулар үйүн аябай чоң пайда", — деди Бакыев. 

Ал баса белгилегендей, ысырапкерчиликке алып келүүчү ырым-жырымдар айыл ичинде толугу менен кыскара элек. 

"Убакыттын өтүшү менен эл өзү да түшүнүп бара жатат",— деди ал.

Мамажан айылында 711 кожолук, 3 миң 32 киши жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0