Кытайда окуган студенттерге виза берүү датасы аныкталды

Жазылуу
Документтер Раззаков 66А дарегинде жайгашкан Консулдук кызмат департаментинде саат 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кытайда окуган кыргызстандык студенттерге виза эки күндөн кийин бериле баштай турганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: визанын кеч берилишинен Кытайда окуган студенттердин укугу бузулбайт
Эскерте кетсек, 30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын жанкечти жардыргыч заттар салынган машина менен барып сүзүп, жардырган. Анын кесепетинен жан кечти каза болуп, элчиликтин бакчасында иштеген Кыргызстандын үч жараны жаракат алган. 

Жардыруудан кийин Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына Кытайга кирүү үчүн виза берүүнү токтоткон. Мындан Кытайдын окуу жайларында билим алган 400гө чукул кыргызстандык студенттер жабыркаган.

"Кытайга болгон окуу визалары 27-октябрдан тарта ТИМдин консулдук кызмат департаменти тарабынан бериле баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Документтерди кабыл алуу Раззаков 66А дарегинде жайгашкан Консулдук кызмат департаментинде саат 9.00дөн 17.00гө чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0