ИИМ: ШКУ саммитине карата жарандардын тапанчалары алынат

Жазылуу
Коопсуздук чаралары үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан тартып 8-ноябрына чейин киргизилет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине ылайык чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрь күнү Бишкек шаарында өтөт. 

"Чет жактан келген делегация мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жарандардагы тапанчалар алынат. Бул кадам "Мамлекеттик коопсуздук жөнүндө" мыйзамына ылайык жасалууда. Иш-чара бүткөн соң тапанчалар мыйзамдуу ээлерине берилет", — деп жазылат маалыматта.

Коопсуздук чаралары үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан тартып 8-ноябрына чейин киргизилет.

Эске сала кетсек, Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян 2-ноябрда саммитке катышуу үчүн келери белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0