Кеминде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы лекциялар өтүп жатат

Жазылуу
Профилактикалык иш-чара Чүй облусунун бардык аймактарында 13-ноябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында Кеминдеги окуучуларга лекциялар өтүлүп жаткандыгын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Профилактикалык иш-чара 24-октябрда башталган. 

"Терроризм менен экстремизмдин жайылышын алдын алуу үчүн окулган лекцияларга Кеминдин 500 окуучусу катышты. Аларга "ДЭМ" театрынын артисттери рэкетчилик адамдардын тагдырын сындыра тургандыгын көрсөткөн пьеса тартуулашты", — деп айтылат маалыматта. 

Профилактикалык иш-чара Чүй облусунун бардык аймактарында 13-ноябрга чейин уланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0