Бишкек жана Шэньчжень бир тууган шаарлардан болушту

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан келген делегаттар менен жолугушуусу
Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан келген делегаттар менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан келген делегаттар менен жолугушканын мэрия билдирди. 

Иш-чарага Бүткүл кытай элдик саясий кеңешинин Шеньчжэнь комитетинин башкы катчысынын орун басары Чу Мин Ронг, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков жана Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков катышты. 

Жолугушууда Албек Ибраимов кытай тарапка кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бишкектин аймагында Кытайдын колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоорлор учурда активдүү ишке ашып жатат", — деди шаар мэри.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн айтып, учурда Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду белгиледи.

Өз кезегинде ыктай тарап бул мамилелер мындан ары дагы чоң ийгиликтерди жаратарына ишеним артып, Шэньчжэнь шаары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Шэньчжэнь шаарларынын бир туугандык байланыштары боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0