Мамкаттоо БШКга 2,3 млн. шайлоочунун тизмесин өткөрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочулардын архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан шайлоочулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга белгиленип, ага жалпы жонунан 384 айылдык, 21 шаардык кеңештерге депутаттар шайланат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга 2 миллион 319 миң шайлоочунун тизмесин өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Тайырбек Сарпашев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Талас облусунун шайлоочулары менен жолугуп жатып билдирди.

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо. Жарышка ким катышат?
БШК төрайымынын айтымында, облус боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо Талас шаарында жана 34 айылдык аймактарда болуп, биринчи жолу участкалык комиссиясы дифференцияланган системада каржылана турганына токтолду. 

Ал эми Сарпашев 22-октябрда МКК жергиликтүү шайлоого карата БШКга миллион 319 миң шайлоочунун тизмесин өткөрүп бергендигин билдирди. Ал шайлоодо биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар колундагы ID паспортто көрсөтүлгөн дарек боюнча шайлоодо добуш бере аларын баса белгиледи. 

Ал ошондой эле облустун активин шайлоочуларды сатып алууга каршы күрөшүүгө чакырып, Шайлдабековага добуштарды сатып алып жаткан партияларды токтоосуз түрдө шайлоодон четтетүүнү сунуштады. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга белгиленип, ага жалпы жонунан 384 айылдык, 21 шаардык кеңештерге депутаттар шайланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0