Кайгуул милициясы терезесин караңгылатып алган айдоочуларды аныктоодо

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРейд ГИБДД по выявлению автомобилей с тонированными стеклами
Рейд ГИБДД по выявлению автомобилей с тонированными стеклами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-октябрда башталган рейд 24-октябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы "Тонировка", "Грузовой транспорт" жана "Переоборудование" аттуу рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда башталган рейд 24-октябрга чейин уланат.

"Рейддин максаты жол эрежесин бузган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын жана терезесин караңгылатып алгандарды аныктоо болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.

Аталган иш-чара учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга административдик айып салынууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0