Ошто келерки аптанын аягына чейин адам сатууга каршы акция жүрөт

Жазылуу
Келерки аптанын жума күнү "Ата-Түрк" паркында Ош шаарынын жаштары боюнча иш алып барган комитет коомчулукту кыраакы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырган флешмоб өткөрөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош шаарында 28-октябрга чейин атайын долбоордун алкагында "Биз кулчулукка каршыбыз" деп аталган иш-чара өтөт. Бул туурасында аталган калаанын мэриясынан кабарлашты.

Маршруттук такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Аялдамага барабыз" кыймылынын активисттери мэриянын колдоосуна ээ болду
Долбоордун алкагында тегерек стол өткөрүлүп, адам сатуунун тузагынан алыс болуу, бул боюнча иштегендерди аныктай билүү жана ага каршы күрөшүүнүн ыкмалары талкууланды. Андан сырткары келерки аптанын жума күнүнө чейин билим берүү тармагынын кызматкерлери окуучулар жана студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүп, мындай көйгөйлөрдүн алдын алууга багыт берген маалыматтарды таратышат. 

Андан сырткары жарандарды бул иш-чарага тартыш үчүн атайын конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталат.

Ал эми 28-октябрда "Ата-Түрк" паркында шаардын жаштар боюнча иш алып барган комитети коомчулукту кыраакы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырган флешмоб өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0