Министрлик Казакстанда 30га чукул кыргыз кулчулукта деген маалыматты тактап жатат

© flickr.com / Javier AlvarezЭшиктеги кулпу. Архив
Эшиктеги кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет тармагында Казакстанда эмгек кулчулугунда калган кыргызстандыктар бар экендиги айтылган.

БИШКЕК, 22-окт — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кулчулук боюнча айткан Курбанали Модалимовго Казакстанда кыргызстандык 30 жаран эрксиз кармалып турганын тактоо үчүн кайрылды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Курбанали Модалимов кулчулукта 30га чукул киши коңшу мамлекетте кармалып тургандыгын билдирген.

Бирок министрликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө ал киши кулда калган мекендештер жөнүндө маалыматы жоктугун айткан. Ал Казакстанда жана Өзбекстанда өз эрки менен иштеп, бир топ убакыт болгондугун бирок, аны эч ким зордоп кармап турбагандыгын ырастаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0