Бишкекте окуучулар 14 миңден ашык көчөт отургузат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекПосадка саженцев в парке "Ата-Тюрк"
Посадка саженцев в парке Ата-Тюрк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары өз мектептеринин аймактарына көчөт отургузууну баштайт. Аталган акция бир жумага уланып, жалпысынан 14 миңден ашык көчөт отургузулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ишемби, 22-октябрда Бишкектин мектептеринде "Жашыл Бишкек: мектептердин аймагын жашылдандыруу – 2016" акциясы башталат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" атындагы эл аралык фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 22-октябрдан 27-октябрга чейин уланып, анын алкагында 14 миңден ашык көчөт отургузулат.

"Иш-чарага окуучулардын бардыгы катышат. Көчөттөр отургузулгандан кийин жогорку класстын окуучулары бак-дарактарды башталгыч класстардын окуучулардын карамагына өткөрүп беришет. Бул демилге аркылуу балдардын патриоттуулук сезимин ойготуп, дарактарга, мектепке, өз чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөтөт", — дейт фондун өкүлдөрү. 

Белгилей кетсек, буга чейин бул сыяктуу иш-чара борбордук мектептерде 2015-жылы жазында өткөрүлгөн. Эко-акция "Глобалдуу ойлон, жериңен башта" аттуу эко-долбоордун алкагында ишке ашууда.

Акциянын натыйжасында 2016-жылдын аягына чейин бала бакчалар жана 81ден ашык мектептин аймагы жашылдандырылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0